Балдардын коопсуздугу: Бишкекте ата-энелер менен ачык диалог өтүүдө

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана ден соолугун коргоо маселелери боюнча ата-энелер менен ведомстволор аралык жолугушуулар өтүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, кезектеги жыйын "Таберик" залында өтүп, ага шаар мэринин орун басары Рахат Мусаева, Биринчи май районундагы мектеп директорлору жана ата-энелер катышты.

Жолугушууда прокуратура, ички иштер, саламаттык сактоо органдарынын жана мэриянын өкүлдөрү өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, балдардын ден соолугун жана коопсуздугун коргоо боюнча маалымат беришти. Ошондой эле үй-бүлө, мектеп жана мамлекеттик органдардын кызматташтыгын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйын ата-энелердин суроолоруна тиешелүү адистер жооп берген ачык диалог форматында өттү.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар 10-ноябрдан 13-ноябрга чейин "Баланын коопсуздугу — ата-эненин жоопкерчилиги" деген теманын алкагында өткөрүлүүдө.