1-2-класстар үчүн жаңы окуу китептери басылып чыгып, мектептерге таратылууда

Билим 22 Октябрь 2025 10:50
570558550_1258733412967067_7032701529181747046_n.jpg
565922047_1258733486300393_9091757435038268314_n.jpg
566222407_1258733509633724_6662142070223387933_n.jpg
566307919_1258733406300401_6969062633794868417_n.jpg
568682390_1258733476300394_6911797691005267654_n.jpg
569697977_1258733442967064_3740337009372695239_n.jpg
569697978_1258733456300396_1585964224268717794_n.jpg
570970615_1258733519633723_7013314116892846090_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 22.10.25./Кабар/. "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесине табигый илимдер, математика жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди колдонуу укугу алынган. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Учурда окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн адаптацияланып, редакциялоо жана "Учкун" ААК тарабынан басып чыгаруу иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө:

  • "Математика", 1-класс – 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге жеткирилди;
  • "Мен жана дүйнө", 1-класс – 295 880 нускада басылып, таратылууда;
  • "Математика", 2-класс – 344 660 нускада басылып чыгып, мектептерге таратыла баштады;
  • "Табигый илимдер", 2-класс – басууга даярдалууда.

Бул окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык даярдалып, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.