Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 80 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө жеткирүү максаты коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар балдарга арналган “Үмүт чырагы” бала бакчасынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө балдарды бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү 2024-жылдагы 28,3 пайыздан 2025-жылы 51 пайызга өскөн.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 2 миң 344 бала бакчада 320 миңден ашык бала тарбияланууда. 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 80 пайыздан кем эмес көрсөткүчкө жеткирүү максатын койдук. Алсак, бала бакчаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштерин колдоо үчүн 10 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Мектепке чейинки мекемелерде окутуучу жайларды кайра форматтоо долбоору ишке ашырылды. 2025-жылдагы маалыматка ылайык, 367 мектепке чейинки мекеме кайра форматталып, кошумча 518 тайпа ачылуу менен 13 миң 447 бала камтылды. Мурда менчиктештирилип кеткен 25 бала бакчанын мамлекетке кайтарылышы да ишибизди кыйла илгерилетти. Андан тышкары, 500 кыска мөөнөттүү бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору ачылды. Мамлекеттик ваучердик каржылоо долбоору пилоттук негизде ишке ашып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар балдарга кошумча колдоолор көрсөтүлүүдө”,- деди Касымалиев.
Ал ошондой эле өз сөзүндө мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүнө кеңири токтолду.
“Билим берүү, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү коомубуздагы жаш муундар үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан бул багытка өзгөчө көңүл бөлүнүп, жигердүү аракеттер көрүлүүдө. Мектепке чейинки билим берүү бул баланын жашоосундагы эң биринчи жана эң маанилүү баскыч. Дал ушул жерде балдар билим алып гана тим болбостон, тарбияланып коомго аралашууну үйрөнүшөт”,- деди ал.