Бишкек, 10.10.26 /Кабар/. Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы көрүүчүлөрдүн өтүнүчү менен ”Чолпонум“ мюзиклин Бишкекте кайрадан тартуулайт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, спектакль 2026-жылдын 3-ноябрында саат 18:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында көрсөтүлөт.
Мюзиклде чыныгы сүйүү, татаал тагдыр жана адамдык сезимдер баяндалат.
Билеттер театрдын кассасында жана Kassir.kg сайтында сатылууда. Кошумча маалымат үчүн: 0228 74 42 98.