Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Күн мурун Эне жана баланы коргоо борборунда 80-бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, 39 жаштагы Н.А. акыркы 8 ай ичи программалык гемодиализде болгон. Ага “5-стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт оорусу” диагнозу коюлган. Учурда бейтаптын абалы туруктуу. Ал борбордун жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ага донор катары 37 жаштагы бир тууган агасы А.М. бөйрөгүн берип, трансплантация акысыз жүргүзүлдү.
Учурда 5-стадиядагы бөйрөктүн өнөкөт оорусунан жабыркаган 206 бейтап кезекте турат. Медициналык бригада аларга консультация берип, алдыда боло турчу операцияга даярдоодо.
Ошондой эле мекеменин тарыхында алгач ирет бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө ыкмасы киргизиле баштады. Бул изилдөөлөр донорду туура тандоого, организмдин бөйрөктү четке кагуусу тобокелинин алдын алууга, туура дарылоого жана көчүрүлгөн бөйрөктүн узак убакыт иштешин камсыздоого жардам берет. Бул иште адистер Түркия жана Россияда атайын окуудан өтүп келишти.
Борбордун трансплантология бөлүмү заманбап жабдуулар, атайын операциялык бөлмөлөр жана тажрыйбалуу медициналык бригада менен толук камсыздалган.
2018-2026-жылдар аралыгында борбордо жалпысынан 80 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Ал эми 2024-жылдын январынан тарта трансплантология мамлекеттик бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлө баштап, бүгүнкү күнгө чейин 38 бейтапка жардам көрсөтүлдү.