Бактыбек Мамбетов
Кесиби боюнча орус тил жана адабият мугалими. Эмгек жолун мектептен баштаган. Кийин өндүрүштө, профсоюзда иштеген. Журналистикага 35 жашында келген. “Мир” эл аралык телекомпанияда корреспонденттен шеф-редакторго чейин көтөрүлгөн. Улуттук телерадиокорпорацияда “ Ала-Тоо” маалымат борборун жетектеген. Чүй “Сары Өзөн” телекомпаниянын директору болуп эмгектенген. Орус тилинде аңгемелерди жазат. “Литературный Кыргызстан” журналына жарыяланган чыгармаларынын авторлорунун бири.