Зыянкечтерге каршы күрөш: Чүйдө 1250 га аянтта чегирткелер жок кылынат

Аймак 29 Апрель 2026 14:06
WhatsApp Image 2026-04-29 at 11.34.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-29 at 11.34.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-29 at 11.34.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-29 at 11.34.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-29 at 11.34.44 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында зыянкеч чегирткелерге каршы мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Натыйжада жалпы Чүй облусу боюнча 2610 гектар аянт изилденип, анын 1250 гектарында зыянкеч чегирткелер аныкталды. Тиешелүү актылар түзүлүп, жакынкы күндөрү химиялык иштетүүлөр башталат.

"Бүгүнкү күндө жер-жерлерде Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан изилдөө иштери жана күрөшүү чаралары өз убагында жана ыкчам жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.