Өзүмдү кыргыздын патриот кыздарынын бири деп эсептейм. Чек арадагы аскер кызматкери менен маек

Маек Загрузка... 07 Март 2025 20:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Гүлмира Газиеванын өздүк архивинен

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кандай гана кесипте болбосун аялзаты аракетчилдигин көрсөтүп, эркек кесиптештеринен кем калбай иштеп, жетишкендиктерге жетип, ийгиликтерди багындырып келет. Бул ирет «Кабар» агенттиги чек арада кызмат өтөгөн аскер кызматкери Гүлмира Газиева менен маектешти.

WhatsApp Image 2025-03-07 at 10.47.05 (3).jpeg

- Гүлмира Хабибуллаевна, Чек ара кызматында иштеп жатканыңызга канча жыл болду?

- Мен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында иштеп жатканыма 23 жылдын жүзү болду. Учурда Баткен районундагы 2022 аскер бөлүгүнүн улук прапорщигимин. Өзүм 1976-жылы Лейлек районунун Исфана айылында туулгам. 5 бир туугандын эң кичүүсүмүн, төрт агам бар. Алар аскерде кызмат өтөгөн. Уулум, келиним жана 1 жаштан ашкан неберем менен учурда чет өлкөдө жашап, ошол жакта иштешет. Мен кесибим боюнча бухгалтермин. Кошумча аскердик билим да алдым. Учурда аскер бөлүктө кадрлар бөлүмүнүн жооптуу аткаруучусу болуп иштеп келем. Ар бир кесиптин кыйынчылыгы бар. Аял киши назик келгени менен жашоодо тырышчаак, күчтүү, аракетчил болот эмеспи. Аял киши болуп туруп, чек арада иштөөнүн өз түйшүктөрү бар. Бирок ага карабастан, өлкө үчүн ишибизди улантып келебиз. Ишимди улантуума үй-бүлөм, жакындарым да колдоо көрсөттү.

WhatsApp Image 2025-03-07 at 10.47.05 (1).jpeg

- Кээде аскер кызматкери болбой башка тармакта иштөөнү ойлоносузбу?

- Жок, антип эч ойлобойм. Өлкөбүз бүгүнкү күндө өнүгүп, көп жетишкендиктер болууда. Аскер бөлүктөрдө имараттар оңдолуп, жоокерлердин кызмат өтөөсүнө шарттар түзүлдү. Биз мурда аскер кызматкерлери чакан үйлөрдө жашайт элек, анын ордуна төрт кабаттуу жаңы үйлөр курулду. Бала бакчалар ачылды. Өзүмдү кыргыздын патриот кыздарынын биримин деп эсептейм. Эли-жери үчүн чек арада кызмат кылып жатканым менен сыймыктанам. Биз өлкө үчүн иштеп жаткан кыздар бири-бирибизге кеңеш берип, акыл-насаат айтып, билбегенди үйрөнүп келебиз. Жумушка жаңы келген кыздар да бизге окшоп көп жыл кызмат кылсын, ишке көнсүн деп жардамыбызды беребиз.

WhatsApp Image 2025-03-07 at 10.47.05.jpeg

- Аял кесиптештериңиздер менен кандай иш-чараларга катышасыздар?

- Аскердик бөлүктө мен аскер айымдардын төрайымымын. Кесиптештерим менен биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштурабыз. Мисалы, “Апамдын нанын сагындым” деген аталыштагы акцияларды өткөрүп турабыз. Үйдө жасалган нандардын түрүн коюп, жоокерлер менен чогуу ыр-күүлөр аткарылат. Ошондой эле кыз-келиндер арасында спорттук мелдештер да өткөрүлөт. “Жоокерлердин энелери” республикалык комитети тарабынан да бир катар иш-чаралар, жолугушуулар болот.

WhatsApp Image 2025-03-07 at 10.47.07.jpeg

- Өспүрүмдөрдү мекенге кызмат кылууга, айрыкча алардын кесип тандоосуна кандай багыт бересиздер?

- Биздин аскер бөлүктө Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп турат. Окуучуларга казармаларды, жоокерлер кызмат кылган жерлерди көрсөтөбүз. Курал-жарактарды чачып, кайра кураштырганга эркек балдар эмес, кыздар да кызыгышат. Мектептерге да барып мекен үчүн кызмат кылууга, аскердик окуу жайларда окууга үндөйбүз. Келечекте кесип тандоосуна багыт беребиз. Мунун баары балдарды аскерде кызмат өтөөсүнө чоң түрткү берет. Чек арага жакын жайгашкан айылдарда чоңойгон балдар кызмат өтөгөн соң жогорку аскердик окуу жайларда окуп, азыр офицер болуп иштеп жатышат. Кыргызстандын ар бир облусунан үй-бүлөсү менен келип иштегендер бар. Алар эмгек өргүүгө чыкканда туулган жерлерине барып, кайра Баткенге кеткенге шашабыз деп айтып калышат.

WhatsApp Image 2025-03-07 at 10.47.07 (1).jpeg

- Гүлмира Хабибуллаевна, сизди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аялзатына куттуктооңузду да айта кетсеңиз

- Рахмат. Урматтуу эже-сиңдилер, жалпы аялзаты сиздерди 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардыгыңыздарга аялдык бакыт каалайм, ден соолуктарыңыздар чың болсун, эч качан оорубай, үй-бүлөңүздөр менен бактылуу болгула. Биздин аскер бөлүктө 16 аял кызматкер бар. Аларды да майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалайм. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, тынчтык болсун, балдарыбыздын келечеги кең болсун.

- Маегиңизге рахмат.