Жыл башынан бери өлкөдө 200 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулду

Коом 26 Июнь 2025 12:50
511147668_716162354342076_3588795031960225681_n.jpg
511177522_716162297675415_5889887093921037036_n.jpg
511303853_716162267675418_3828112059579582982_n.jpg
513870716_716162294342082_1570350964756474637_n.jpg
514071057_716162357675409_8692154251315259331_n.jpg
Алдыга
Артка
511147668_716162354342076_3588795031960225681_n.jpg
511177522_716162297675415_5889887093921037036_n.jpg
511303853_716162267675418_3828112059579582982_n.jpg
513870716_716162294342082_1570350964756474637_n.jpg
514071057_716162357675409_8692154251315259331_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкө боюнча тиричилик абоненттерине 200 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул улуттук энергетикалык тутумду модернизациялоого багытталган.

"Акылдуу" эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү онлайн режиминде эсепке алууга, бузулууларды тез арада аныктоого, уруксатсыз туташуулардын алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жаңы тутум керектөөчүлөргө электр энергияны керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

2025-жылдын аягына чейин дагы 300 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Натыйжада алардын жалпы саны 500,1 миңге жетет. Орнотуу географиясы өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды да камтыйт.

Долбоор этап-этабы менен, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү администрациялар жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ишке ашырылууда. Электр энергиясын эсепке алуунун жаңы алеттерин колдонуу эрежелери боюнча калкты маалымдоого өзгөчө көңүл бурулууда.