Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 23-апрелине чейинки мезгил аралыгында 17 017,5 тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, анын ичинен:
- Азык-түлүк картошкасы — 16 894,5 тонна;
- Үрөн картошкасы — 123 тонна.
Картошка Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларуска экспорттолду.
Ошондой эле бул аралыкта 11 миң 752,8 тонна картошка импорттолгон. Анын ичинен:
- Азык-түлүк картошкасы — 10 019,7 тонна;
- Үрөн картошкасы — 1 733,1 тонна.
Кыргызстанга картошка Кытай, Монголия, Пакистан, Нидерланды, Германиядан импорттолгон.