Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-июнь айларында 31 миң 255 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен июнь айында 3 379 жаранга пенсия чектелип, 1 283 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).