Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Улуттук USDKG стейблкоини алгачкы эмиссиясын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, ар бир стейблкоин алтын менен камсыздалган жана 1 токен 1 долларга барабар. Ошондой эле ал 50 млн токен чыгарылганын кошумчалады.
"Мындан тышкары, KGST стейблкоини боюнча да иштер жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин эл аралык биржалардын листингине кирүү пландалууда. Бул стейблкоин Кыргызстандын улуттук валютасына барабар", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.