Жумгал райондук архитектура башкармалыгынын директору алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 6 ноябрь 2025 14:15
Жумгал райондук архитектура башкармалыгынын директору алмашты

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Мырзабек Акылбеков Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин Курулуш жана архитектура департаментинин Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, дайындоо министрликтин жобосуна ылайык, 2025-жылдын 22-апрелиндеги №221 токтому менен бекитилген.

Тийиштүү буйрукка курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койгон.