Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. БШКнын аппаратынын мурдагы жетекчиси Бакытбек Жумагулов “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбооруна саресеп салды. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү жаңы эрежелер талапкерлерге адилеттүү шарттарды түзүп, депутаттардын шайлоочуларына жакын болоруна токтолду.
«Эгемендүүлүктүн 30 жылында партиялык системаны калыптандырууда биз сыймыктана турган жыйынтыктарга жетишкен жокпуз. Коомдук-саясий уюмдар эч качан бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөгө айлана алган эмес. Биздин эсибизде калган “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” партиялары такыр башка кызыкчылыктарды көздөп, коргоп келишкен. Бул партиялар бийликте турганда алар үчүн ар дайым административдик ресурс иштеп, саясий коррупция гүлдөп турган. Ошол эле топко өзүн өзгөртүүгө аракет кылган, бирок бир адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн партиясы болуп калган КСДП да бар. 2020-жылдагы окуялар мындай көрүнүштөрдүн чеги болду. “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Кыргызстан”, ошол кездеги бийликке жакын саясий партиялары, шайлоонун жыйынтыгы менен парламентти толук көзөмөлгө алып, бийликти толук колго алышкан. Эл добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, кабыл албаганы бийликтин алмашуусунун себеби болду.
Буга чейинки шайлоо системасына киргизүүгө аракет кылган пропорционалдык система, элдин кызыкчылыгына туура келбегендиктен, максатына жеткен эмес. Шайлоо алдында партиялардын тизмесиндеги “беш” же “ондук” орундар кадимкидей эле сатылчу. Ошондуктан, бул система коом тарабынан ишенимге ээ болбой, жокко чыккан.
Көп мандаттуу округдарга өтүү депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты бекемдейт. Бул, албетте, маанилүү жагдай. Ал эми чындап эле жарандардын ишенимине ээ болгон жана ар кайсы аймактарда көрүнүктүү өкүлдөрү бар саясий партиялар ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоготушпайт. Мындай атаандаштык, ар бир райондон үчтөн чыныгы татыктуу талапкерди аныктоого мүмкүндүк берет. Аталган мыйзам долбоору келечекте татыктуу парламентти түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр деп эсептейм.
Бардык маселелерди дароо чече албашыбыз мүмкүн, бирок бул партияларды, талапкерлерди эл менен активдүү жана жоопкерчиликтүү иштөөгө үндөйт. Ким идеологиялык көз караштан мыктыраак, компетенттүү программаны сунуштаса, анын мүмкүнчүлүктөрү жогору болот. Бул олуттуу саясий реформалар аркылуу биз шайлоолордо мындан ары “ капчыгы калыңдардын” таймашы болбой турган абалга келишибиз керек.
Негизинен демилге туура жана келечектүү. Партиялардын талапкерлерине жана өзүн өзү көрсөткөндөргө бирдей шарт түзүү - бул адилеттүү мамиле», — деди Бакытбек Жумагулов.