Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат. Себеби

Коом 1 октябрь 2026 17:20
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат. Себеби
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелери убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-октябрда саат 07:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде асфальтты алмаштыруу иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Кыймыл төмөнкү тилкелерде чектелип, жабылат:

  • Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин;
  • Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана айдоочулардан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. Ошондой эле айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.