Жүрөк кагышы – Мекен дабышы

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 18:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнү!

Мекен, Туулган жер, Ата Журт, Ата конуш деген сөздөрдүн өзүндө эбегейсиз оор салмак жатат. Дал ошол үчүн ар бир тирүү жан Мекен тууралуу ойго алдырар замат, бардыгына кайыл болуп, башын баталгага байлайт. Мекен башына кара булут айланып, кокустан кимдир бирөө катылып, кол салган учурларда ошол өзү бир кезде көзүн ачып көргөн Ата Журт асманынын астында туруп, өлүмдү унутта калтырат да, айгайлап ураан чакырып, аны коргоого алат. Бул жаратылыштын бир табышмактуу сыры...

* * *

Адам өмүрүндө көптөгөн милдеттерди аркалайт: ата-эне алдындагы милдет, үй-бүлө алдындагы жоопкерчилик, анан кесиптик милдет. Бирок булардын ичинен эң ыйыгы – Жоокердик милдет! Бул милдетти аркалоо үчүн физикалык күч гана эмес, баарынан мурда рухий бийиктик жана Мекенге болгон зор сүйүү талап кылынат.

WhatsApp Image 2026-02-23 at 17.43.32.jpeg

Жоокердик милдет аскердик ант берген көз ирмемден башталат. Аскердик ант – өзүнүн жеке кызыкчылыгын, ал тургай өз өмүрүн элдин бейпилдигинен төмөн коюуга берилген убада. Ант берген жигит – ал жөн гана катардагы жаран эмес, ал – мамлекеттин бүтүндүгүнүн кепилдиги, чек аранын бекемдиги!

Антка берилгендик – тарых алдында, ата-бабалардын арбагы алдындагы улуу сыноо.

Жоокердик милдет тартиптен башталат. Аскердик тартиптен адам өзүн-өзү жеңет. Эркин чыңдайт. Күнүмдүк машыгуулар, уйкусуз түндөр, ар кандай аба ырайына карабай аткарылган тапшырмалар – мунун бардыгы жоокердин мүнөзүн калыптандырат. Бул милдетти аткаруу менен жаш жигит чыныгы адам, чыныгы эркек жана чыныгы коргоочу болуп чыгат.

WhatsApp Image 2026-02-23 at 17.45.57.jpeg

Биз кээде тынчтык заманды, таңкы бейпилдикти кадимки нерседей кабыл алабыз. Бирок ошол тынчтыктын артында жоокердик милдетин кынтыксыз аткарып жаткан миңдеген уулдарыбыздын мээнети турат. Мекенди коргоо – согушту эңсөө эмес, тескерисинче, согушту болтурбоого болгон аракет.

Тарыхка көз чаптырсак, биздин эл ар дайым эркиндикти туу тутуп, жоокердик милдетти баарынан бийик койгон. Жоокердик милдетти өтөө – бул аталардын жолун улантуу, келечек муунга эркин өлкөнү өткөрүп берүү.

WhatsApp Image 2026-02-23 at 17.44.42.jpeg

Биздин жоокерлер – биздин сыймыгыбыз!

Алардын каармандыгы жана антка берилгендиги үчүн Мекенибиздин келечеги ишенимдүү. Ар бир жоокердин жүрөгүндө "Мекен үчүн!" деген улуу ураан жашаса, бизди эч кандай кырсык майыштыра албайт.