Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илим-изилдөө институту 225 млн сомго меджабдуу сатып алат

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Июль 2025 14:41
01000000-0aff-0242-a243-08db65d807b1_w1080_h608_s.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 255 млн 982 миң 500 сом бөлүндү.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мындай чечим аталган илим-изилдөө институтунда 2025-жылдын 11-февралында чыккан өрттөн кийин аны үзгүлтүксүз иштетүү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү кайра баштоо максатында кабыл алынды.

Саламаттык сактоо министрлигине финансылык каражаттардын белгиленген тартипте максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.