Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Аксы районунда катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, ичинде адамдары бар жеңил унааны агызып кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Беш-Короодогу сел өтүүчү каналдын боюндагы жолдо болгон. Анда Мор-Булак айылынын тургуну Нурбек Жолдошбаев жубайы жана үч баласы менен "Жигули" менен бара жатканда күтүүсүздөн сел келип, унаа өчүп калган.
"Айдоочу жана анын үй-бүлөсү өз убагында унаадан сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Адамдар коопсуз жерге чыккандан кийин, суу унааны болжол менен 1 чакырымга чейин агызып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу, алар аман-эсен үйүнө жеткирилди.