“Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы алгачкы күндөрү рекорддук киреше тапты

Дүйнө Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-08-03 at 17.10.01.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы кинотеатрларда көрсөтүлө баштагандан кийинки алгачкы дем алыш күндөрү дүйнө жүзү боюнча 927 млн доллар киреше чогултту. Бул көрсөткүч тасманы кино тарыхындагы эң ийгиликтүү башталган тасмалардын катарына кошту. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма АКШда да, дүйнөлүк деңгээлде да көрсөтүүнүн алгачкы күндөрүндөгү кирешеси боюнча экинчи орунга чыкты.

Бул багытта биринчи орунда азырынча “Өч алуучулар: Финал” тасмасы турат. Ал эми “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы чет өлкөлөрдөгү кинотеатрлардан 572 млн доллар киреше алып келген. Анын ичинен эң чоң көрсөткүч Кытайда катталып, ал жакта тасма 121 млн доллар чогулткан.

Кино индустриясы боюнча изилдөө жүргүзгөн Enact Insight компаниясынын жетекчиси Грег Дуркин тасманын ийгилигине анын көтөргөн темалары таасир бергенин белгиледи.

Анын айтымында, тасмадагы жалгыздык, адамдардын бири-биринен алысташы жана кыйынчылыктарды жеңүү темалары өзгөчө жаш көрүүчүлөргө жаккан. Тасмага сынчылардын 90 пайызы, ал эми көрүүчүлөрдүн 98 пайызы жакшы баа беришкен.