Жол тармагына бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жетти – Орунбеков

Экономика 1514 30 Январь 2025 15:23
475793349_9097579136989113_2402731792884188844_n.jpg
474907171_926189573023123_1160413826005274704_n.jpg
475371731_926189736356440_6636112026436429996_n.jpg
475571404_926189609689786_5499460929323735714_n.jpg
475472121_926189509689796_7613766581029972555_n.jpg
475429607_926189543023126_8085877312830441335_n.jpg
474621167_926189446356469_5175248392080056690_n.jpg
474763134_926189336356480_557650626403293903_n.jpg
474764084_926189293023151_252234273371346546_n.jpg
475422141_926189273023153_2303092024781301401_n.jpg
474591413_926189326356481_6758028485097354297_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Жол тармагына бөлүнгөн каражат өткөн жылы эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 даана жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынып, өлкөбүздүн жол тармагын жакшыртууга чоң салым кошот.

“Жол тармагына бөлүнгөн каражат 2024-жылы эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жетти. Бул каражатка 1 миң чакырымдан ашуун жол оңдолду жана курулду, 802 чакырым жолго асфальт төшөлдү, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана башка ири долбоорлор ишке ашууда, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баетов, Ош-Баткен-Раззаков сыяктуу маанилүү жолдор курулууда. Жаңы техникалар жол тейлөө кызматкерлерине иштерди натыйжалуу аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эми жолдорубуз дагы жакшыраак, сапаттуу жана коопсуз болот!”,-деп жазган Орунбеков.