Жол оңдоо: Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Коом 15 июль 2025 18:34
Жол оңдоо: Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. 16-июль 19:00дөн 17-июль 08:00гө чейин Бишкектеги Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакты аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштарына жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт жана маршрутту пландоодо жогорудагы өзгөрүүлөрдү эске алууну суранат.