ЖКККББда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Коом 2561 15 Март 2025 11:05
483909422_18398925532100985_7566647168748979226_n.jpg
484791150_959460406316379_6320019216056946414_n.jpg
Алдыга
Артка
483909422_18398925532100985_7566647168748979226_n.jpg
484791150_959460406316379_6320019216056946414_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 15.03.25./Кабар/. ЖКККББда күн мурун жол кырсыктарынын алдын алуу жана кызматтык тартипти сактоо боюнча кеңешме өттү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Жоробековдун катышуусунда жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда онлайн кеңешме өткөрүлдү.

Анда мамлекеттик жана эл аралык унаа жолдордун бүгүнкү күндөгү жол кыймылына тийигизген таасири, коопту аймактардын, тийиштүү жол белгилеринин жана жол чийиндеринин бүгүнкү күндөгү абалы каралып, аныкталган кемчиликтер боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, тийиштүү кызматтарга орундатуу үчүн берилген сунуштардын жыйынтыктары каралды.

"Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө тартибин көзөмөлдөп жаткан төш камераларынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө тартиби каралып, төш видео көзөмөлдөрү аркылуу аныкталып жаткан тартип бузуу фактыларына кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүү багытында жер-жерлердеги ЖКККББнын бөлүмдөрүнө тапшырмалар коюлду",-деп айтылат маалыматта.