Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Санариптештирүүнүн алкагында автоураган аппараттык-программалык комплексинин жыйынтыктары жана издөө бөлүмүнүн иши боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Айбек Жумагулов жана жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Анда жыл башынан бери автоураган аркылуу аныкталган жол кырсыгынан кийин качып, издөөдө жүргөн, каттоосу убактылуу токтотулган, айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, жалган мамлекеттик номерлер менен жүргөн жана башка одоно жол эрежелерин бузган 17 956 автоунаагын жыйынтыктары каралды.
Ошондой эле жетекчилерге өлкө башчынын санариптештирүү багытындагы жарлыктарынын талаптарын аткарууда жол коопсуздугуна багытталган мобилдик стационардык автоураган, боди-камера, электрондук планшет өңдүү тийиштүү каражаттарды туура колдонуу жана жарандардын арыз-даттануусун кабыл алууда ыңгайлуу шарттарды түзүү менен сапаттуу тейлөө тапшырмалары коюлду.
Жыйындын соңунда башкармалыктын ишмердүүлүгүн санариптештирүү багытын жетишерлик деңгээлде алып барбаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралары эскертилди.