Жол инспекторлоруна жазгы-жайкы формага өтүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү

Коом Загрузка... 10 Март 2025 14:25

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Жол инспекторлоруна жазгы-жайкы формага өтүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жетекчилик тарабынан “Ички иштер органдарынын өздүк курамын жазгы-жайкы кийим кийүүгө өткөрүү жөнүндө” буйругу жеткирилип, өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү.

Анда кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын жана кесиптик даярдыгы текшерилди.

Ошондой эле өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго ИИМдин талаптарына ылайык, эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болууга, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык элемменттерге жол бербөөгө, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоого жана жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмалары койулду.