Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи аяктады

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Декабрь 2025 12:02
WhatsApp Image 2025-12-17 at 10.16.30.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жаңы шайланган VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи аяктады.

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бардык депутаттарды эл өкүлү кызматына киришүүсү менен куттуктап, элге ак кызмат кылууга чакырды.

Жалпы 87 депутат ант берип, расмий түрдө кызматына киришти.

Депутаттарга төш белгиси тапшырылып, мандат тапшырылгандан кийин эл өкүлдөрү ант беришти.

Ант берүү аземине министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана ошондой эле президент Садыр Жапаров катышууда.