Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы дайындалды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 15:17
633903351_1225185086461378_622286253611850173_n.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Минура Абдыкалыкова Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Минура Абдыкалыкова 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Журналистика” адистиги боюнча аяктаган.

2012-жылдан 2026-жылга чейин АКИpress маалымат агенттигинде бир катар кызматтарды аркалап келген.

Ошондой эле 2021-2023-жылдары ички иштер министринин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп эмгектенген.