Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 2-сентябрда башталат

Жогорку Кеңеш 166 18 Август 2026 16:15
4135893.465f34ffffd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жайкы эс алуудан кийин өз ишин 2-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү II сессия башталып, эл өкүлдөрү ишин улантат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан биздин агенттикке маалымдашкандай, күн мурун, 17-августта Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров парламенттин төрагасы Марлен Маматалиевге кат жиберген. Анда президенттик шайлоону дайындоо боюнча маселени 17-сентябрда боло турган жыйындын күн тартибинде киргизүү сунушу айтылган.

Белгилей кетсек, 25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары I сессиянын ишин жыйынтыктап, жайкы эс алууга тарашкан.