Гуля Кожокулова Мамлекеттик Думанын шайлоосуна байкоо жүргүзөт

Коом 7 сентябрь 2026 19:00
Гуля Кожокулова Мамлекеттик Думанын шайлоосуна байкоо жүргүзөт
copyright icon WWW

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого карата КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар тобунун координатору болуп дайындалды. Бул тууралуу КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин төрайымы жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кол койгон.

Байкоочулар тобунун курамына КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү, ассамблеянын кызматкерлери жана КМШ ПААнын Демократиянын өнүгүшүн мониторингдөө боюнча эл аралык институтунун эксперттери кирет.

Байкоочулар шайлоону Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин чакыруусу менен көзөмөлдөшөт.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думага шайлоо 18-20-сентябрда өтөт. Анда россиялыктар 450 депутатты: 225и бир мандаттуу округдардан жана 225и партиялык тизме боюнча шайлашат.