Казакстандагы парламенттик шайлоодо 5 партия жеңишке жетти

Борбор Азия 25 Август 2026 10:30
thumbs_b_c_d97aae0e213591440af38f6893ea46c5.webp
AA_00262 (1).jpeg
24,08, 2026.jpg
Алдыга
Артка
thumbs_b_c_d97aae0e213591440af38f6893ea46c5.webp
AA_00262 (1).jpeg
24,08, 2026.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, Казакстанда өткөн шайлоодо Курултайга (бир палаталуу парламент) 5 партия өттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн БШКсы маалымдады.

БШКнын төрагасы Нурлан Абдировдун айтымында, беш партия 5 пайыздык чектен өтө алды.

Эсептөөлөргө ылайык, "Адилет" партиясы добуштардын 71,17%ына ээ болуп алдыга чыкты. "Ауыл" партиясы – 6,26%, Respublica партиясы 5,56%, "Ак жол" демократиялык партиясы – 5,21 %, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия - 5,11% добуш алды.

Ал эми Казакстандын элдик партиясы – 3,11% жана "Байтак" партиясы – 1,07% добушка ээ болуп, 5 пайыздык чектен аша алган эмес.