Жогорку Кеңешке шайлоо. Талаш-тартыш, жаңы курам жана элдин үмүтү

Шайлоо Загрузка... 08 Декабрь 2025 16:55
456456.PNG

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы жакынкы күндөрү парламент залында өзүнүн алгачкы жыйынын өткөрөт. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо алдында турат.

КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары парламенттин алдында ант берген күндөн тартып башталат. Жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны алдыдагы күндөрү өтөрүн жана парламент аппараты жаңы шайланган эл өкүлдөрүн күтүп алууга толугу менен даяр экенин Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алайбек Анаркулов билдирди.

"Биз буга чейин атайын тескеме чыгарып, Жогорку Кеңештин аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү, жетекчилери президенттин Иш башкармалыгы менен биргеликте жумушчу топ түзүү боюнча тескеме чыгарганбыз. Ошол жумушчу топ VIII чакырылыштын депутаттарынын келишине даярдык көрүү иштерин аяктап калды. Документ жүргүзүү тармагын толугу менен санариптештирдик. Жыйындар залындагы экрандардан тартып, добуш берүүчү техникалык каражаттарга чейин заманбап үлгүгө алмаштырылды. Учурдун талабына ылайык, толук жаңыланды”,- деди Анаркулов.

Белгилей кетсек, парламенттин мындан аркы иш тартиби Конституцияга жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүлмөкчү. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 14-декабрга чейин чыгарарын маалымдаган. Жогорку Кеңеш жыйынтыктан кийин 15 күндүн ичинде биринчи отурумга чогулушу зарыл.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамына ылайык, биринчилерден болуп жаңы депутаттардын ичинен даярдоо тобу түзүлүп, алгачкы жыйынды жашы улуу депутат ачмакчы. Ошентип Жогорку Кеңештин VII чакырылышы жаңы курам биринчи сессиясын өткөргөндөн кийин күчүн жоготот.

Бүгүн, 8-декабрда Боршайком маалымдагандай, шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө БШКга өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

"Эгерде шайланды деп таанылган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты конституциялык мыйзамга ылайык, кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Анткени, БШК шайлоонун натыйжалары аныкталып, шайланды деп таанылган талапкерлерден арыздар алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана төш белгини тапшырат.

БШК 7-декабрда бир катар шайлоо округдары боюнча маселени карап, кабыл алган токтомго ылайык, №30, №11, №20, №15, №27, №2, №10, №24, №28, №5, №22, №16, №29 көп мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилген.

Ал эми, БШК тарабынан калган шайлоо округдарындагы шайлоонун расмий жыйынтыктары тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жаңы курамы менен амбициялуу максаттарды ишке ашыруу үчүн биргеликте иштешүүгө даяр экенин Улуттук каналдын түз эфиринде билдирген.

“2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында ички дүң продукцияны кеминде 30 млрд долларга жеткирүү, жан башына ИДПны 4,5 миң долларга көтөрүү, жумушсуздукту жоюу жана эл аралык деңгээлдеги критерийлерди жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча чоң максаттар коюлган. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү багыттарын аныктап алдык. Ошону ишке ашыруу иш-чаралар планын Жогорку Кеңештин жаңы келген депутаттары менен биргеликте карап, иш алып барууга даярбыз”, - деди Касымалиев.

Ошондой эле минкаб төрагасы жаңы курам менен ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу багытында иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

Элдин бул шайлоодогу тандоосуна жана VIII чакырылышка депутат болуп келгендерге карата коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаевдин пикиринде мурунку чакырылыштарда элдин ишенимине ээ болгон депутаттар бул шайлоодо кайрадан колдоого ээ болушкан.

“Эл өз баасын берип, ишенимди актабаган айрым депутаттарды кайра шайлаган жок. Бирок, ошол эле учурда эл менен байланышын үзбөй, убагында убадасын аткарган, конкреттүү иштерди бүтүрө алган эл өкүлдөрүнө кайрадан ишеним көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө негизги иштерди өкмөт аткарса да, маселени көтөрүп, демилге көтөрүү депутаттардын милдети. Элдин жаңы чакырылыштан үмүт чоң. Жаңы шайланган депутаттар ишенимди актап, элге кызмат кылышы керек. Жаңы чакырылыштан негизги күтүлүп жаткан нерсе – мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алып, өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү берүү. Экономика, социалдык саясат, айыл чарба – бардык тармакта активдүү болуш керек. Жөн эле саны бар, сапаты жок мыйзамдарды кабыл алып, отура бербей, чындап элдин турмушуна таасир эткен чечимдерди кабыл алуулары зарыл”, - деп белгиледи Арабаев.

Белгилүү болгондой, жаңы парламенттин курамын тандоого шайлоочулардын 37 пайызы добуш берди. Шайлоонун жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар катталып, ал гана эмес бир округда саясий өнөктүк жокко чыгарылды. Жалал-Абад облусундагы №13 округда бир талапкердин тарапташтары шайлоо маалында телефонго тартып жатканы тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Натыйжада аталган округдагы жыйынтык жокко чыгарылып, кайра шайлоо өтө турган болду. БШКнын чечимине ылайык, 30-ноябрдагы шайлоодогу талапкер кийинки саясий өнөктүккө катыша албайт.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келүүдө. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.