№13 округда кайра шайлоо 1-мартта өтөт

Шайлоо Загрузка... 30 Декабрь 2025 14:10
WhatsApp Image 2025-12-30 at 14.12.42.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 30-декабрда жыйын өткөрүп, Жогорку Кеӊештин көп мандаттуу №13 шайлоо округундагы депутаттарды кайра шайлоо тууралуу токтом кабыл алды.

БШКнын маалыматы боюнча, бул округдагы мурда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктары 3-декабрда комиссиянын токтому менен жараксыз деп табылган.

Кайра добуш берүү 2026-жылдын 1-мартында, жекшемби күнү өткөрүлөт.

Бул чечим “Президентти жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 38чи жана 63-беренелери жана “Борбордук шайлоо комиссиясы жана референдумдарды өткөрүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык кабыл алынган. БШКнын аппаратына жана №13 шайлоо округунун аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону учурдагы мыйзамга ылайык уюштуруу милдеттендирилди.

Министрлер кабинетине төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

  • БШКнын чыгым сметасына ылайык зарыл каржылык каражаттарды бөлүү;
  • Добуш берүүнүн даярдыгы жана өткөрүлүшү учурунда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана коомдук тартипти камсыз кылуу;
  • Так шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин маалыматтарын тактоо;
  • Шайлоочуларды онлайн режимде идентификациялоо системасын жана туруктуу байланыш каналдарын иштөөдө камсыз кылуу;
  • Шайлоо процессинде колдонулуучу маалымат системаларынын киберкоопсуздугун камсыз кылууга БШКга жардам көрсөтүү;
  • Добуш берүү жана идентификациялоо жабдууларын коопсуз сактоону камсыз кылуу;
  • Шайлоо мыйзамында каралган башка бардык чараларды аткаруу.

Кайра шайлоолор 2025–2026-жылдардагы шайлоо циклдерин жыйынтыктоонун маанилүү этаптарынын бири болот.