Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимндин жаңы долбоорун кабыл алат – Касмамбетов

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 14:48
IMG_1785.jpeg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик гимндин жаңы текстинин жана музыкасынын долбоорун иштеп чыгуу июнь айына чейин созулуп, бир нече этап менен өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын курамына мыкты композиторлор, музыканттар, акын, жазуучулар тартылды. Алар сынакка катышууга келип түшкөн ыр, музыка долбоорлорун кызуу талкууга алышат.

“Ведомстволор аралык комиссия бир нече секция, панелде иш алып барабыз. Бүгүнкү күндө региондордон бир топ сунуштар, айрыкча текст боюнча сунуштар келип түштү. Мына ошолорду комиссия өтө турган жыйындарында өтө дыкаттык менен талкуулап, гимндин үч вариантын Жогорку Кеңештин комитетине сунуштап, андан кийин пленардык жыйынга чыгарат. Аталган маселе боюнча биротоло акыркы чекитти Жогорку Кеңеш коет жана мамлекеттик гимндин жаңы долбоорун, тексттин кабыл алат”, - деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак Ордодо" мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына мыкты долбоорлорду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү.