Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу кабыл алынган жаңы мыйзам эч кандай чектөөгө алып келбейт. Бул тууралуу пикирин Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, маалымдоо каражатынын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык ченемдер, ЖМКны каттоо, кайра каттоонун каралышы нормалдуу көрүнүш.
“1992-жылы кабыл алынган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам учурдун талабына шайкеш келбей калганына байланыштуу өзгөрдү. Анткени, ал кезде интернет деген жок, медианын иштөө шарты да башкача болчу. Азыр медиа тармагынын өнүгүшү менен маалымат алуу каражаттары өзгөрүлдү. Ошондуктан санариптештирүү мезгилинде мыйзамды да өзгөртүү зарыл болду. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон мыйзам мезгилдин талабы деп ойлойм. Кыргызстанда жарандык коом мыкты өнүккөн, даярдалган материалдардын, ачыкталган фактылардын негизинде өлкөдө чуулгандуу коррупциялык иштердин бети ачылган учурлар журналисттердин ишмердүүлүгүнө таандык экени белгилүү”,- дейт Балташев.
Журналисттер союзунун төрагасынын айтымында, мамлекет башчысы да журналисттердин айткан фактыларынын негизинде атайын кайрылууларды жасап, кайсы бир жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, коомго пайдалуу иштер аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 6-августта “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзамда каралган негизги өзгөрүүлөргө токтолсок, өлкөдөгү бардык маалымдоо каражаттары юстиция органдары тарабынан катталууга тийиш. Ал эми ЖМКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экени белгиленген.
Мыйзамда цензурага катуу тыюу салынат деп жазылып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүлөрүнө, кызмат адамдардын ЖМКнын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салуучу жоболор камтылган.
Белгилей кетсек, мыйзам маалымдоо каражаттарына маалыматтын булагын, анын ичинде маалыматтын ээси катары аныктоону жашыруун сактоого укук берет. Бул өзгөртүү маалымат булактарын коргоо жана маалымдоо каражаттарынын кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн керек. Бирок, бул укук аткарууда соттун талаптары келип түшкөн учурда иштетилбестиги жазылган.

Кыргызстанда ЖМК түзүүдө чет өлкөлүк катышуу 35 пайыздан жогору ээлик кылууга, колдонууга тыюу салынары көрсөтүлгөн. Бул мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого багытталган. Ошондой эле маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу, журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдер, журналисттер жоопкерчиликтен бошотулган шарттар каралган.
Эскерте кетсек, 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам заман талабына жооп бербей калгандыктан, жаңы мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы жаралган.
Белгилүү болгондой, президенттин администрациясы тарабынан 2023-жылдын 15-майында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленген. Документ алгач талкууга түшүп, медиа чөйрөдө нааразычылык жаралган. Андан соң президенттин макулдугу менен мыйзам долбоордун жаңы редакциясын иштеп чыгууга тиешелүү ар тармактын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин мыйзам долбоору парламентке сунушталып, үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.