ЖКнын тармактык комитети Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 4133 25 Декабрь 2025 15:30
601813602_1182224357424118_890263076160290331_n.jpg
600290151_1182224554090765_3138314862467397756_n.jpg
601951726_1182224394090781_5218045322715729626_n.jpg
605775332_1182224620757425_5963547727700978895_n.jpg
Алдыга
Артка
601813602_1182224357424118_890263076160290331_n.jpg
600290151_1182224554090765_3138314862467397756_n.jpg
601951726_1182224394090781_5218045322715729626_n.jpg
605775332_1182224620757425_5963547727700978895_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, анда комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева баштаган депутаттар заманбап талаптарды эске алуу менен билим берүү системасын трансформациялоого багытталган атайын стандарттарды бекитүү сыяктуу орчундуу маселелер каралды.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Гүлзат Исаматованын талапкерлигин жактырып, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кароосуна жөнөттү.