Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстанда Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) баңгизаттарга каршы операцияларды уюштуруу боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Жыйынга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын баңгизаттарга каршы бөлүмдөрүнүн, бажы жана чек ара кызматтарынын, ошондой эле каржылык чалгындоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуусунун алкагындагы артыкчылыктарга токтолуп, президент Садыр Жапаров Астанада Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында белгилегендей, өлкөдө баңгизаттарга каршы бир катар иш-чаралар өткөрүлөрүн айтты.
"Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча активдүү чараларга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт", - деди ал.
Ошондой эле тараптар 2026–2030-жылдарга карата ЖККУга мүчө мамлекеттердин Баңгизаттарга каршы стратегиясынын долбоорун, ЖККУ өлкөлөрүндөгү баңгизат кырдаалынын өзгөрүү тенденцияларын талкуулашты.
Мындан тышкары, баңгизат бизнесине байланыштуу каржылык агымдарды аныктоого жана жок кылууга багытталган эл аралык масштабдагы баңгизаттарга каршы операцияларды өткөрүү менен жаштардын арасында баңгизат колдонуунун жана баңгизат кылмыштуулугуна тартуунун алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды.
Катышуучулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин жана тийиштүү эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттери синтетикалык препараттарды кошкондо, баңгизаттардын жайылыш коркунучун азайтууга, ошондой эле ЖККУнун жоопкерчилик аймагында туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылууга олуттуу салым кошоорун бир добуштан билдиришти.