Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун жыйыны кырдаалдын татаалдашып, аймактык коркунучтардын өсүп жаткан шартында өтүүдө, бул жамааттык коопсуздук механизмдерин жаңы чакырыктарга ыңгайлаштыруу милдетин биринчи планга чыгарууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине коопсуздук боюнча эксперт Токон Мамытов билдирди.
Анн айтымында, уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө, жооп кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү жана жаңы коркунучтарга карата бирдиктүү мамилени калыптандыруу бүгүнкү күндөгү башкы милдет болуп саналат.

"Чек-аралардагы туруксуздук, Афганистандагы жагдай, гибриддик чабуулдардын күчөшү, анын ичинде киберкылмыштуулук, маалыматтык операциялар, ошондой эле Борбор Азиянын түштүк чегиндеги кылмыштуу жана террордук тармактардын активдешүүсү негизги көйгөй бойдон калууда. 2024-2025-жылдары аймакта аскерий кыймылдуулуктун ылдамдашы, радикалдык топтордун жанданышы, наркотрафиктин кеңейиши жана ири державалардын атаандаштыгы күчөп, ЖККУну декларациялык мүнөздөн практикалык координацияга өтүүгө мажбур кылууда", - деди ал.

Мамытов белгилегендей, жыйындын күн тартибинде ЖККУнун ыкчам аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, тынчтык орнотуу потенциалын чыңдоого жана бириккен штабдардын өз ара аракеттенүүсүнүн ыкчам натыйжалуулугун камсыздоого багытталган күчтөрдү жана куралдарды трансформациялоо маселеси камтылган. 2022-жылдын январындагы Казакстандагы окуялар, Тоолуу Карабак аймагындагы кырдаал жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек арасындагы локалдык кризистер укуктук механизмдер менен реалдуу даярдыктын ортосунда карама-каршылыктын бар экенин айкын көрсөттү. Бишкектеги жыйын бул боштукту жоюуга багытталган.

Анын айтымында, маалыматтык жана киберкоопсуздук багыты өзгөчө мааниге ээ болууда. Санариптик чабуулдар, коомдук пикирди манипуляциялоо жана маалыматтык басым көрсөтүү өлкөлөргө таасир этүүнүн жаңы куралына айланды. Гибриддик коркунучтар системалуу мүнөзгө өтүп, маалыматтык инфраструктураны бирдиктүү коргоо механизмин түзүүнү жана коопсуздук кызматынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү талап кылууда.
Чыгыш Европадагы, Жакынкы Чыгыштагы, Индо-Тынч океан аймагындагы жаңжалдар жана Россия менен Батыштын ортосундагы мамилелердин курчушу жаңы дүйнөлүк коопсуздук архитектурасын түзүүдө. Бул шарттарда ЖККУнун ички консолидациясы жана аймактык коркунучтарга карата айкын, макулдашылган позиция зарыл болууда.
Анын айтымында, Кыргызстан жыйында төмөнкүдөй бир нече практикалык багыт боюнча колдоолордун күчөшүн күтөт:
- түштүк чек араларын бекемдөө;
- экстремизмдин, миграциянын жана тышкы таасирдин терс натыйжаларына каршы биргелешкен чаралар;
- куралдуу күчтөрдү модернизациялоого көмөк көрсөтүү;
- тынчтык орнотуучу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
- уюмдагы чечим кабыл алуу процесстерине тең укуктуу катышууну камсыз кылуу.
"Аймактык коркунучтар ЖККУнун ичинде Борбор Азиянын лидерлигинин маанисин арттырып келет. Кыргызстан Россия менен Борбор Азиянын ортосундагы негизги байланыштык звено - ири инфраструктуралык жана интеграциялык долбоорлорго катышкан өлкө катары, формалдуу эмес, реалдуу жамааттык коопсуздук механизмине кызыкдар мамлекет катары өз ордун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алууда", - дейт ал.

Эксперт белгилегендей, бул өлкөнүн уюмдагы стратегиялык салмагын жогорулатат. Бишкектеги жыйын стратегиялык маанига ээ.
"Ал ЖККУну жаңы дүйнөлүк реалдуулукка ылайыкташтырууга, жамааттык коопсуздуктун инструменттерин жаңылоого жана Борбор Азия багытын бекемдөөгө багытталган. Мындай шартта Кыргызстан ЖККУдагы ролун күчөтүп, Бишкекте кабыл алынган чечимдер уюмдун мындан аркы өнүгүү динамикасына олуттуу таасир эте алат", - деп сөзүн жыйынтыктады Мамытов.