Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. ЖККУ башкы катчысы Таалатбек Масадыков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“ЖККУнун Катчылыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жаңы жашоонун башталышын, келечекке болгон ишенимди жана тынчтыкка умтулууну чагылдырган Нооруз майрамы – жаздын келиши жана жаңы жылдын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Кыргызстандын аймактык коопсуздукту чыңдоодогу маанилүү ролун жана сиздин Евразия мейкиндигинде туруктуулукту камсыз кылуунун натыйжалуу куралы катары биздин уюмдун ырааттуу өнүгүшүнө кошкон зор салымыңызды жогору баалайбыз. Бул жазгы майрам күнү сизге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалоого уруксат этиңиз, ал эми Кыргызстандын элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.