Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн коллегиялык отурумда белгилүү болду.
Мындай чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чаралар начар жүргүзүлгөндүктөн бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынды.