Бишкекте ЖКККББнын ардагерлери жана мыкты кызматкерлери сыйланды

Коом 1087 22 Февраль 2025 13:00
480718271_945156024413484_3276302122682822242_n.jpg
480679890_18395646100100985_6470227590326134131_n.jpg
480853391_18395646079100985_8439812485195396580_n (1).jpg
480853391_18395646079100985_8439812485195396580_n.jpg
481035069_18395646055100985_8005061676239057052_n.jpg
480783502_945155964413490_4835444860185663053_n.jpg
481391476_18395646115100985_1055573251207044835_n.jpg
480874954_18395646106100985_7156131903510408897_n.jpg
480866402_945155894413497_4262696123168429864_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Ата-мекенди коргоо күнүнө карата ЖКККББнын ардагерлери жана мыкты кызматкерлери сыйланышты.

Ведомстводон билдиришкендей, 23-февраль Ата-мекенди коргоочулар күнүнө карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айымдар кеңеши кызматкерлерди сыйлоо аземин уюштуруп, өмүрүн жол коопсуздугуна арнаган ИИМдин ЖКККББнын ардагерлерин жана жалпы кызматкерлерин 23-февраль Ата-мекенди коргоо күнү менен куттукташты.

Куттуктоо иш-чарасында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков жалпы өздүк курамды мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, иш-чараны уюштурган ЖКККББнын жалпы айымдар кеңешине терең ыраазычылыгын билдирүү менен ардактуу ардагерлерге жана кызматкерлерге төш белгилерди, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды ыйгарды.