ЖК депутаты Ташкентте адам укуктарын коргоо боюнча талкууга катышты

Коом Загрузка... 08 Апрель 2025 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 08.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев Ташкентте өткөн Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен алмашууга арналган тегерек столго катышты.

Тегерек стол Парламенттер аралык биримдиктин 150-ассамблеясынын алкагында өттү.

Депутат Алтынбек Кылычбаев өз сөзүндө адам укуктары адилеттүү коомдун негизги принциби экенин баса белгиледи.

"Биздин Конституция, мыйзамдар жана мамлекеттик башкаруу системасы адам укуктарын коргоого негизделген. Кыргызстан либералдуу саясий системага ээ болуп, адам укуктары маселелери боюнча аймактык диалогго активдүү катышып келет. Бул өз кезегинде оң тажрыйбалардын калыптанышына өбөлгө түзөт. Элдин тарыхында жана улуу мурасында этностор аралык ынтымак, достук, ишеним жана кызматташтыкка өзгөчө маани берилген. Этникалык, маданий же улуттук өзгөчөлүгүнө карабастан, ар бир жарандын тең укуктуулугу, урматталышы жана укуктарынын корголушу дайыма негизги орунда турат", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алып, парламенттик угууларды өткөрүп, эл аралык долбоорлорго активдүү катышуу аркылуу адам укуктарын коргоону илгери сүрөөдө негизги ролду аткарып жаткандыгын кошумчалады.