ЖИ, спутник жана инновациялар: Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы деңгээлге чыкты — Кабар

ЖИ, спутник жана инновациялар: Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы деңгээлге чыкты

Санарип Кыргызстан 7 август 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-08-07 at 11.29.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-07 at 11.29.51 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-07 at 11.29.51.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-07 at 11.29.51 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарым жыл ичинде жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

Анда санариптик кодекстин кабыл алынышы, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү деген алгылыктуу багыттар жөнүндө айтылды.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов ведомстводо жарым жылдын ичинде болгон маанилүү өзгөрүүлөргө токтолуп жатып, министрликтин аты - Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп алмашып, анан негизинде бизге жасалма интеллект жана спутниктик байланыш боюнча кошумча милдеттер кошулганын белгиледи.

"Андан сырткары, Санарип кодекске кол коюлду, “Түндүк” тиркемесине жаңы маалымкаттар менен сервистер кирди. Дебюрократизациянын алкагында жасалып жаткан иштер жана инфраструктурага байланышкан G-Cloud булут платформасы ишке киргизилди”,- деди ал.