Бүгүнкү күндө жасалма интеллект биздин жашообузга тездик менен сүңгүп кирүүдө. Нейротармактар текст жазууну, сүрөт тартууну, видеолорду иштеп чыгууну, маалыматтарды иликтөөнү, ал гана эмес адам менен баарлашууну да өздөштүрүп алышты. Ошондуктан “Кайсы кесиптер жок болот? Жасалма интеллект (ЖИ) адамдардын ордун басабы? Алдыдагы жылдарда эмгек рыногун эмне күтөт?” деген суроолор барган сайын көп берилүүдө.
Бул темада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк “Кабар” агенттигине өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллект журналистикада активдүү колдонулуп жатат, бирок ал адамды толугу менен алмаштыра албайт.
“Бүгүнкү күндө жасалма интеллект жашообузга киргендигин биз көрүп турабыз. Албетте, ЖИ дүйнөлүк жана ата мекендик журналистикада редакциялык иштерде колдонулууда. Аны текст жазууда, монтаждоодо жана дизайнда пайдаланышат.
Биз журналисттик кадрларды даярдоодо студенттерге жасалма интеллект адамды толук алмаштыра албастыгын, бирок ал абдан жакшы курал экенин түшүндүрүүдөбүз. Учурда ЖИни колдонуу окуу процессине да кирди.
Текст жазууда, объективдүү материалдарды даярдоодо, интервью даярдоодо жасалма интеллект колдонулушу мүмкүн, бирок ал журналисттин ордун толук баса албайт. Себеби, адамдын дүйнө таанымын, интеллектуалдык дараметин, чеберчилигин жана кесипкөйлүгүн бир машина менен алмаштыруу кыйын. Бирок, иш процесстерин тездетүүчү курал жана жардамчы катары ЖИ активдүү колдонулуп жатат”, - деди Ширин Костюк.
Ал ошондой эле заманбап технологияларды адамды алмаштыруучу нерсе катары эмес, пайдалуу курал катары кабыл алуу керектигин белгиледи.

Кайсы кесиптер жоголуп кетүү коркунучунда турат
Е.М. Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун (ИМЭМО РАН) маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча тобунун жетекчиси, эксперт Наталия Ромашкина ЖИ биринчи кезекте кайталануучу иш-аракеттер жана шаблондук жумуштар көп болгон кесиптерге таасирин тийгизерин белгиледи.
Эксперттин пикири боюнча, жакынкы жылдарда төмөнкү кесиптер чоң өзгөрүүгө учурайт же акырындык менен жок болот:
- кассирлер;
- колл-борборлордун операторлору;
- айдоочулар;
- өндүрүш линиясынын кызматкерлери;
- бухгалтерлер;
- банк кызматкерлери;
- котормочулар;
- фармацевттер;
- төмөнкү жана орто деңгээлдеги менеджерлер.
Автоматташтыруу ишкерлик үчүн пайдалуу: ал чыгымдарды азайтат, процесстерди тездетет жана “адамдык фактордун” таасирин төмөндөтөт. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча компаниялар ЖИни ишке жигердүү киргизүүдө. Бирок, бул эмгек доорунун бүтүшүн билдирбейт. Өнөр жай революциясы учурундагыдай эле айрым кесиптер жок болуп, алардын ордуна жаңылары пайда болууда.

Мурда болбогон жаңы кесиптер
Эски адистиктердин жоголушу менен рынокто таптакыр жаңы багыттагы адистиктер түзүлүүдө:
Промт-инженер
Нейротармактар менен туура иштеп, так натыйжа ала алган адис. Ал жөн гана суроо жазбастан, бизнес үчүн ЖИ менен иштөө тутумдарын түзөт.
ЖИ-куратор
Нейротармактар көп учурда ката кетиришет же сапатсыз контент жаратышат. Ошондуктан материалдарды текшерип, редакциялап, сапатын көзөмөлдөй турган адам керек.
Нейротармактардын арт-директору
ЖИ сүрөт тарта алат, бирок бренддин стилин түшүнбөйт. Бул адис компаниянын идеяларын жасалма интеллектке түшүнүктүү тилге которот.
Моделдерди окутуу боюнча адис
ЖИнин иштеши үчүн маалыматтар жана туруктуу окутуу зарыл. Мындай адистер нейротармакка медицина, укук, финансы же билим берүү сыяктуу конкреттүү тармактарды жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.
ЖИ-интегратор
Көптөгөн компаниялар нейротармактарды киргизүүнү каалашат, бирок кандай жол менен экенин билишпейт. Интеграторлор процесстерди автоматташтырууга жана бизнес үчүн даяр чечимдерди жөнгө салууга көмөктөшөт.

Дүйнө өзгөрүүдө, бирок адам башкы орунда кала бермекчи. Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча автоматташтыруунун таасири менен 85 миллионго жакын жумуш орду өзгөрөт. Бирок, ошол эле учурда 97 миллионго жакын жаңы кесиптер пайда болот.
Бул адамзаттын массалык жумушсуздукка карай бара жатканын билдирбейт. Тескерисинче, эмгек рыногунун глобалдык кайра түзүлүшү жүрүп жатат. Жасалма интеллект ишти тездетип, эбегейсиз чоң маалыматтарды талдап жана күнүмдүк суроо-талап болгон тапшырмаларды аткара алат. Бирок, чыгармачылык, эмоцияларды, сын көз караш менен ой жүгүртүүнү, жоопкерчилик жана баарлашуу сыяктуу нерселердин баарын машинага толук өткөрүп берүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан келечектин негизги көндүмү — технологиялар менен күрөшүү эмес, алар менен биргелешип иштөө жөндөмү болмокчу.