Кыргызстанда мамлекет тарабынан жарандарды, өзгөчө жаш муунду колдоого багытталган бир катар социалдык программалар ишке ашырылууда. Алардын катарында ийгиликтүү ишке ашып жаткан “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозиттик программасы да бар.
2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жетим балдарга мамлекеттик “Келечекке салым” депозитин ачуу тууралуу атайын жарлыгы чыгарылган. Бул демилге толук жетим калган балдардын келечегин камсыздоого багытталган. Ал жарлыкка ылайык, ата энесинен айрылган балдар же болбосо ата энесинин бирөөсү гана калган балдар, бул социалдык долбоордун катышуучусу боло алат.

Долбоордун негизги максаты - тоголок жетим калган же ата энесинин бирөөсү каза болуп калган балдардын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 3 миң 373 жетим бала катталып, ар бирине “Келечекке салым” программасынын алкагында атайын депозиттик эсеп ачылган. Алардын ичинен 1-октябрга карата 22 бала бул депозитти колдонгон. Учурда бул эсептерге жыл сайын мамлекеттик банктардын пайыздык үлүшү кошулган каражат түшүп турат. Максат ар бир баланын эсебинде ал 18 жашка толгондо кеминде 500 миң сомдун топтолушун камсыздоо.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиевдин айтымында, бала 18 жашка чыккан соң, жеке эсебиндеги каражатты төмөнкү үч багытта гана колдоно алат:
- Ден соолугун чыңдоого;
- Жогорку окуу жайдын контрагын төлөөгө;
- Турак жай шарттарын жакшыртууга.

““Келечекке салым” депозитиндеги каражатты бала 18 жашка толмоюнча пайдаланууга болбойт. Бирок, өзгөчө учурларда, мисалы, баланын саламаттыгы үчүн зарыл болгон хирургиялык кийлигишүү талап кылынганда гана, атайын тартип менен каражатты колдонууга уруксат берилет. Жөнөкөй дары-дармек алуу же жалпы дарыланууга депозитти пайдаланууга болбойт. Эгерде бала 25 жашка чейин бул каражатты жогорудагы багыттар боюнча пайдаланбаса, же каза болуп калса, депозиттеги акча кайра мамлекетке кайтарылат”,-деп белгиледи ал.

Депозитти кантип ачууга болот?
Тодогелдиев белгилегендей, эгерде бала томолой жетим же ата-энесинин бири каза болгон болсо, анда алардын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана баланын туулгандыгы тууралуу документ менен жашаган жери боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана Социалдык фондго кайрылуу жетиштүү.
“Ал жактан бул маалыматтар Эмгек министрлигине жөнөтүлөт. Министрлик тарабынан тиешелүү каражат бөлүнүп, мамлекеттик банктардын биринен баланын наамына депозиттик эсеп ачылат. Депозиттин баштапкы суммасы 10 миң сом. Ар жыл сайын бул суммага банктын пайыздык үлүшү кошулуп турат. 18 жашка чыкканга чейин эсептеги каражат 500 миң сомго жетиши керек. Эгерде жетпей калса, мамлекет өзү толуктап берет.

Бала 18 жашка толгондо каражатты пайдалануу үчүн Эмгек министрлигине арыз жазып кайрылат. Эгерде каражат белгиленген үч багыттын бирине билим алуу, ден соолук же турак жай шартын жакшыртууга колдонулары тастыкталса, министрлик атайын уруксат кагазын берет. Ал кагаз менен банкка барып, каражатты ала алат. Бирок, акча накталай берилбейт. Учурда бардык төлөмдөр электрондук негизде жүргүзүлөт”,- дейт Тодогелдиев.