Жети-Өгүздө үркүндү эскерүү жөө жүрүшү өттү - Айбек Сарыгулов

Коом Загрузка... 12 Август 2025 13:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.2025. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-августунан 10-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Улуу Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү өткөрүлдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Тосор” коомунун негиздөөчүсү, Үркүндү эскерүү жөө жүрүшүнүн уюштуруучусу Айбек Сарыгулов билдирди.

Анын айтымында, жөө жүрүшкө 41 киши катышып, алар жалпысынан 76 чакырымды жөө басып өтүшкөн.

“Жөө жүрүш бешинчи ирет өтүп жатат. Тосор айылынын жанында Кыргын Сай деп аталган жер бар. 1916-жылы ошол жерде 300-500 адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн экен. Элди тарыхыбыздын ошол барактарына кызыктыруу үчүн трекинг түрүндө уюштурдук”,-деди ал.

Сарыгулов белгилегендей, жөө жүрүштүн максаты - жөө жүрүштүн жүрүшүндө биздин ата-бабаларыбыздын тарткан азабын жон терибиз менен сезүү. Үркүндүн курмандыктарын эскерүү, ал учурдагы окуяларды эске салуу, келечектеги демилгелерге түрткү берүү.

“Жыл сайын жөө жүрүштүн катышуучулардын саны өсүп жатат. Быйыл чет өлкөдөн келип катышкан мекендештер да болду. Каалоочулардын баары катышты. Жөө жүрүштүн жүрүшүндө абдан көп кыйынчылыктар болду. Бирок, бардыгы ынтымакташып, бардык кыйынчылыкты жеңип өтүштү”,-деди ал.

Маалымат үчүн: Үркүн - 1916-жылы кыргыз эли падышалык Россиянын жергиликтүү калкты аскерге алуу жарлыгына каршы турган кайгылуу окуялар. Жазалоо аскеринен качып, кыргыздар ашуу ашып, Кытайга качкан, жолдо эл ачкачылыктан жана сууктан массалык түрдө кырылган.