Жер титирөө коркунучун азайтуу: Кыргызстанга эл аралык делегация келди

Бишкектеги иш-чаралар Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 14:55
721223958_3870495326426971_3642989549288194922_n.jpg
WhatsApp Image 2026-07-09 at 14.55.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-09 at 14.55.53.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-09 at 14.55.48.jpeg
Алдыга
Артка
721223958_3870495326426971_3642989549288194922_n.jpg
WhatsApp Image 2026-07-09 at 14.55.59.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-09 at 14.55.53.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-09 at 14.55.48.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборунун жети адамдан турган делегациясы келди.

Институттун маалыматына ылайык, делегация Борбор Азиядагы “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча аймактык системаны чыңдоо” жана “Борбор Азиядагы шаарлардын кырсыктарга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу” долбоорлорунун алкагында аймактык миссияны жүргүзүшөт.

Иш сапардын негизги максаты – Кыргызстандын илимий жана техникалык мекемелери менен сейсмикалык коркунучтарды баалоо жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир катар маселелерди талкуулап, консультацияларды өткөрүү.