Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин кызматтарынын дээрлик 70%ы санариптештирилди - министр

Санарип Кыргызстан Загрузка... 21 Май 2025 16:48
WhatsApp Image 2025-05-21 at 13.43.57.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматтарынын дээрлик 70%ы санариптештирилди. Бул тууралуу санариптик өнүгүү жана инновациялар технологиялары министри Азамат Жамангулов билдирди.

Министрдин айтымында, агенттиктин кызматтарын жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу ала алышат.

“Бүгүнкү күндө тиркемеде агенттиктин 4 маалымкаты киргизилген. Жакында 5-маалымкат киргизилди. Ал кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу жана каттоо кызматы. Эми жарандар кайсыл жерде болбосун кыймылсыз мүлкүн каттатып алса болот. “Түндүк” мамлекеттик тиркеме. Тиркемеде баары коопсуз. Ошондуктан онлайн кызматтарды алууда, эч кандай коркуунун кереги жок. Биздин кызматтардын баары коопсуздукка жооп берет”,-деди ал.