Жер алдындагы минералдык ресурстарды туура башкаруу БА үчүн маанилүү — серепчи

Пикир Загрузка... 02 Октябрь 2025 13:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.10.25. /Кабар/. Борбор Азия акыркы жылдары дүйнөнүн таза энергиясы жана жаңы технологиялары үчүн зарыл болгон стратегиялык маанилүү минералдардын башкы булагы катары эл аралык көңүлдүн борборуна айланууда. Ошондуктан бул ресурстар аймактын келечегинде чечүүчү фактор катары бааланууда. Бул тууралуу Crossroads Central Asia борборунун президенти Шайырбек Жороев Ташкентте өткөн «Борбор Азия жана АКШ» форумунун алкагында «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маселени баалоодо бир гана ресурстардын көлөмүнө эмес, аларды кантип иштетүү жана башкаруу маселелерине көңүл буруу абзел.

«Минералдык байлык өзү жетиштүү эмес, аны туура пайдалануу жана ага байланыштуу институттарды өнүктүрүү маанилүү. Болбосо, стратегиясыз жана чийки затка гана таянган өнүгүү убактылуу өнүгүүлөрдөн ары барбай, кайра кризистерге алып келиши мүмкүн», — деди Жороев.

Серепчинин баамында, кырдаалды талдоодо төмөнкү жагдайларга көңүл буруу зарыл.

«Биринчиден, Борбор Азия руданын жөн гана жеткирүүчүсү бойдон калбашы керек. Регион кайра иштетүү, технологияларды өздөштүрүү жана кадр даярдоо аркылуу гана чыныгы пайда табат. Болбосо кошумча нарктын эң төмөнкү баскычында кала берет.

Экинчиден, ресурстарды башкаруу сапаттуу болушу шарт. Тоо-кен тармагы аймакта жемкордук, экологиялык зыян жана социалдык чыңалуу менен коштолуп келген. «Ачык-айкындуулукту камсыз кылмайынча, жергиликтүү коомчулукту аралаштырмайынча, долбоорлор узак мөөнөттүү ийгиликке жетпейт.

Үчүнчүдөн, тышкы өнөктөштөрдүн ролу да маанилүү. АКШнын катышуусу Кытайга каршы турууга эле багытталбашы керек. Тескерисинче, Борбор Азия өлкөлөрүнө жаңы тандоо жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү маанилүү.

Төртүнчүдөн, аймактык кызматташтыксыз бул тармакты ийгиликтүү өнүктүрүү кыйын. Инфраструктура, бажы жана экология маселелери чек ара менен чектелбейт. «C5+1 өңдүү аянтчалар стандарттарды макулдашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзө алат. Бул Борбор Азиянын дүйнөлүк аренадагы үнүн күчөтөт.

Бешинчиден, узак мөөнөттүү ийгилик билим менен илимге байланыштуу. Азыркы учурда минералдар тууралуу маалыматтын көбү сырттан келет. Эгер аймак өз саясатын иштеп чыгышы үчүн илимий-изилдөө борборлорун күчтөндүрүп, адистерди даярдабаса, интеллектуалдык мүмкүнчүлүк болбосо, Борбор Азия өзү баштап демилге көтөргөн оюнчу эмес, башкалардын шарттарына гана жооп кайтарган чабаал абалда кала берет», — деди Жороев.

Серепчинин айтымында, Борбор Азиянын алдыдагы он жылдыгы дал ушул ресурстардын тагдыры менен байланыштуу болот.

«Башкы суроо — маанилүү стратегиялык минералдар Борбор Азияга туруктуу келечек алып келеби же аймак чийки зат жеткирүүчү болуп кала береби? Бул кызматташтыкка, башкаруунун сапатына жана билимге жасалган инвестицияга түздөн-түз байланыштуу», — деп жыйынтыктады Жороев.