Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзинин Кыргызстанга болгон сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Дипломат эки тараптуу мамилелер лидерлердин ортосундагы байланыштар менен эле чектелбестен, стратегиялык өнөктөштүк рухуна ылайык, ар кандай деңгээлде бекемделип, өнүгүп жатканын айтты.
"Бүгүн Америка, Россия, Кытай сыяктуу ири державалардын ортосунда болуп жаткан окуялардын фонунда эгемендүү Кыргызстан өз саясатын мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына ылайык жүргүзүшү абдан маанилүү. Өлкө жетекчилиги дал ушул багытта иш алып барууда. Кытай - биздин ынак кошунабыз, биздин жалпы чек арабыздын узундугу 1000 километрден ашык. Биздин өз ара мамилелерибиздин тарыхы байыркы замандардан башталат, эки эл тынчтыкта жана өз ара сыйлашып жашап келишкен.

Учурда дүйнө карама-каршылыктуу болуп, тирешүүлөр күчөп, саясий да, экономикалык да кризистик көрүнүштөр өсүп жатканда бул өзгөчө актуалдуу. Кытай бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясатта, эл аралык соода-экономикалык мамилелерде, инвестициялык саясатта башкы оюнчулардын бири болуп саналат. Кыргызстан жаңы көз карандысыз мамлекет болуп түптөлүп жаткан мезгилде Кытай кыргыз элине, мамлекетине суверенитетти бекемдөөдө жана экономиканы өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүп келет.
Учурда Кытай биздин негизги саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өнөктөштөрүнүн бири деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Ошондуктан бардык деңгээлдеги жолугушуулар жана сапарлар байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн маанилүү. Президентибиз Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Кытайга барып, төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууларды өткөргөн. Жакшы коңшулук мамилелер ырасталды, бүгүнкү күндүн күн тартибинде турган бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Эң негизгиси бүгүнкү күндө Кытай менен биздин ортобузда эч кандай саясий, же экономикалык келишпестиктер жок", - деди ал.

Ошондой эле Жекшенкулов парламенттер аралык байланыштарды түзүү да маанилүү экенин баса белгиледи. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө абдан чоң таасир этет. Кытай парламентинин башчысы Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат жана бул парламенттер аралык байланыштарды гана эмес, ошондой эле бардык маселелер боюнча мамлекеттер аралык диалогду чыңдоо үчүн абдан маанилүү кадам болуп саналат.
"Кытай биз үчүн өтө маанилүү өлкө, интеграциялык процесстерге ушунчалык терең сиңип калганбыз, аларды кызматташтыктын бардык тармактарында: саясатта, экономикада, маданиятта, инвестицияларда жана коопсуздук маселелеринде сезип жатабыз. Жарандарыбыздын орто жана чакан бизнесинин көбү КЭРдин продукциялары менен байланышкан. Бүгүнкү күндө Кытай өнөр жай кооперациясы, жасалма интеллект жана башка жаңы технологиялар маселелеринде алдыңкы жана кубаттуу өлкө болуп саналат. Биз ар тараптан кылынган "таттуу" убадаларга карабай, алдыбызда көрүп турган объективдүү натыйжаларга таянышыбыз керек. Ошондуктан Кытайдын Евразия мейкиндигинде ойногон жаратман ролу бүтүндөй Борбор Азия аймагын колдоп, турукташтырат.

Кытайдын дүйнөлүк саясатта, эл аралык соода-экономикалык мамилелерде жана коопсуздук маселелеринде ролу өсүп жатканын унутпайлы. Өлкөбүздүн жетекчилеринин ортосунда бекем ишеним мамилеси түзүлдү, ошондой эле аларды парламенттик линия боюнча өнүктүрүү керек, жетекчилер менен депутаттардын ортосундагы байланыштарды, албетте, сактоо маанилүү. Буга кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын эл аралык, биринчи кезекте БУУ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү да абдан жогорку деңгээлде: консультациялар жүргүзүлүп, колдоо көрсөтүлүүдө. Көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде 2027-жылы Кыргызстанда Дүйнөлүк тоо-кен саммитин өткөрүүдө биздин өлкөнүн демилгеси боюнча өз ара түшүнүшүү бар. Мындан тышкары, мен Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары биздин өлкөнүн Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болууга талапкерлигин колдойт деп ойлойм.

Ошондуктан Бишкек менен Пекиндин ортосундагы саясий байланыштар ар тараптуу жана көп деңгээлдүү болушу керек. Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү болуп саналат, ошондуктан анын Кыргызстанга болгон сапарынын геосаясий мааниси да бар. Лидерлердин ортосунда жылуу жана ишенимдүү мамилелердин түзүлгөнү башка кеп, бирок глобалдуубу, эки тараптуубу кандайдыр бир маселелерди чечүүдө чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде – мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөт башчыларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү болушу маанилүү", - деп сөзүн жыйынтыктады Жекшенкулов.