Жеке маалыматтарды сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги болуш керек – Усенов

Коом Загрузка... 28 Январь 2026 18:18
WhatsApp Image 2026-01-28 at 18.09.21.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Жеке маалыматтарын сактоодо ар бир жарандын өзүнүн жоопкерчилиги болуш керек. Мындай пикирин министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Усенов билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүү процессинин алкагында биз жеке маалыматтарды кайсы жерде колдонсок ошол жерде биздин изибиз катары калып жаткандыгы өтө кооптуу көрүнүш.

“Санариптештирүү доорунда жеке маалыматтарыбызды колдонуу менен технологиялар өнүгүп жатат. Технологиялар өнүккөн сайын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, соода-сатык, адамдын кайсы бир аракеттеринин бардыгы санариптештирүү процессинде болууда.

Учурда жеке маалыматтарды кайсы жерде колдонсок, ошол жактарда калып жатат. Аларды шылуундар ар түрдүү максатта колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жеке маалыматтарга болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек.

Бүгүнкү форумдун негизги милдети да жалпы жарандарыбызды, коомчулукту, мамлекеттик-муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин, ишкердик чөйрөдөгүлөрдү жеке маалыматтарды коргоого болгон мамилесин өзгөртүү. Бул маселеге болгон мыйзам талаптарын аткаруусун талап кылуу жана жалпы коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет”,- деди Усенов.

Электрондук жеке маалыматтарды берүүдө ар бир адам өзүнүн макулдугу менен бериши керектигин мекеменин жетекчиси белгиледи.

“Тиешелүү тарапка кайсы максатта маалымат берилип жатса да, болушунча аз маалымат берүүгө аракет кылуу керек. Мисалы, иште, дүкөндөрдө же мамлекеттик кызматтарды алган жерде бардыгы өзүнүн аты-жөнүн, паспорттогу маалыматтарын беришет. Ошол учурда ашыкча маалымат бербестен, зарыл гана маалыматтарды берүү сунушталат”,- дейт ал.

Ошондой эле ал учурда жалпы коомчулукка, жарандарыбызга кибер гигиена, кибер коопсуздукту жеткирүү, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында окуулар өткөрүлүп жатканын маалымдады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу Санариптик кодекс кабыл алынып, өткөн жылдын 4-августунда президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан тартып, Кыргызстандын Санариптик кодекси ишке кирет. Бул документ маалымат технологияларын, мамлекеттик маалымат тутумдарынын ишин, электрондук башкарууну, жеке жана биометрикалык маалыматтарды коргоону, ошондой эле жасалма интеллект маселелерин жөнгө салган ченемдерди бириктирет.