Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекет үчүн гана ынтымакта иштеп беришибиз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанды экономикасынын кирешеси боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына киргизүү планы коюлган.
“Сиздер, мен дагы элге убада берип, шайланып келгенбиз. Таза иштейбиз, мамлекет үчүн иштейбиз, келечекти түзүп кетебиз, коррупцияны жок кылабыз дегенбиз. Ошол үчүн берген антыбызды, ошол убадаларыбызды аткарышыбыз керек. келечекте биздин жасай турган иштерибиз арбын. Өзүңүздөр билесиздер, жакынкы 10-15 жылда экономикасынын кирешеси боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына киребиз деп турабыз. Аны да ишке ашырышыбыз керек. Дүйнө тынч эмес, муну да көрүп турасыңар. Ошол үчүн ынтымакта жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекет үчүн гана иштеп беришибиз керек", - деди президент.